МАЗИНА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
01:00, 31 октябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАЗИНА Жульетта (өз аты-жөнү - Жулия Анна) (22. 2. 1921, Болоньяга жакын, Сан-Жор­жо-ди-Пьяно - 23. 3. 1994, Рим, сөөгү Римини­ге коюлган) - итал. киноактриса. Реж. Ф. Фел­лининин аялы. Рим университетинин фи­лология факультетин бүткөн (1943). Окуучу

жана сту­дент кезинде ар кандай театрлар­да М. ырчы, бий­чи, скрипкачы жана драмалык ак­триса катары кү­чүн сынаган. Жаш сүрөтчү жана фелье­тончу Ф. Феллини жазган радиобе­рүүлөргө катышуу менен экөөнүн жа­рым кылымдык чыгармачылык өзгөчө союзу баштал­ган. Мененын чыгармачылыгынын лиризм менен гротеск­ти, терең психологизм менен «күлкүлүү» көрү­нүштөрдү айкалыштыра алган өзгөчөлүгү Фел­лининин фильмдеринде толук жана кенири ачыл­ган жана неореализмден кийинки мезгилдин сим­волуна айландырган: Жельсомина - «Жол» (СССРде «Алар да жолдо жүрүшкөн» деп атал­ган; Кабирия - «Кабириянын түндөрү» (Канны­дагы, Сан-Себастьяндагы ЭКФтердин сыйл.). Актриса ошондой эле. Ф. Фелинин «Варьете оттору», «Ак шейх», «Жульетта жана атыр», «Кесеп», «Жинжер менен Фред» «Европа-51», «Чоңшаар четинде», «Фортунелла» ж. б. фильмдерге тар­тылган.

Ад.: Феллини Ф. Делать фильм. М., 1984.