МАЗИНА Жульетта

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
(«МАЗИНА‎»‎ барагынан багытталды)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАЗИНА Жульетта (өз аты-жөнү - Жулия Анна) (22. 2. 1921, Болоньяга жакын, Сан-Жор­жо-ди-Пьяно - 23. 3. 1994, Рим, сөөгү Римини­ге коюлган) - италиялык киноактриса. Режиссёр Ф. Фел­лининин аялы. Рим университетинин фи­лология факультетин бүткөн (1943). Окуучу жана сту­дент кезинде ар кандай театрлар­да Мазина ырчы, бий­чи, скрипкачы жана драмалык ак­триса катары кү­чүн сынаган.

МАЗИНА Жульетта

Жаш сүрөтчү жана фелье­тончу Ф. Феллини жазган радио бе­рүүлөргө катышуу менен экөөнүн жа­рым кылымдык чыгармачылык өзгөчө союзу баштал­ган. Мазинанын чыгармачылыгынын лиризм менен гротеск­ти, терең психологизм менен «күлкүлүү» көрү­нүштөрдү айкалыштыра алган өзгөчөлүгү Фел­лининин фильмдеринде толук жана кенири ачыл­ган жана неореализмден кийинки мезгилдин сим­волуна айландырган: Жельсомина - «Жол» (СССРде «Алар да жолдо жүрүшкөн» деп атал­ган; Кабирия - «Кабириянын түндөрү» (Канны­дагы, Сан-Себастьяндагы ЭКФтердин сыйлыгы). Актриса ошондой эле. Ф. Фелинин «Варьете оттору», «Ак шейх», «Жульетта жана атыр», «Кесеп», «Жинжер менен Фред» «Европа-51», «Чоң шаар четинде», «Фортунелла» жана башка фильмдерге тар­тылган.

Ад.: Феллини Ф. Делать фильм. М., 1984.