МАГНЕТИЗМ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
01:00, 31 октябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАГНЕТИЗМ - 1) магниттик моментке ээ электр тогу бар өткөргүчтөрдүн же магниттер­дин өз ара жана бири-бири менен магнит талаасы аркылуу өзгөчө аракеттешүүсү; 2) физиканын электр тогу өтүп жаткан ар кандай өткөргүч­төрдүн айланасындагы магнит талаасын, тогу бар өткөргүчтөрдүн жана магниттердин өз ара жана бири-бири менен аракеттенишүүсүн, магнит та­лаасындагы зарядцалган бөлүкчөлөрдүн кыймы­лын, алардын бири бири менен аракеттенишүүсүн жана магниттик кубулуштар байкалуучу заттар­дын касиеттерин окуп-үйрөтүүчү бүлүгү. Электр талаасын пайда кылуучу булак (заряд) өицүү за­ряд магнит талаасында жок. Ал төмөнкү учур­ларда пайда болот: а) заряддалган нерселер кый­мылдаганда; б) электр тогунун айланасында; в) өзгөрмө электр талаасынын айланасында. Калган талаалар сыяктуу эле магнит талаасы да материянын жашоосунун өзгөчө түрү. Маг­нит талаасынын булагы жок болгондуктан, ал куюндуу талаа болуп эсептелет. Ошондуктан электр жана магнит талаалардын ортосунда сим­метриялуулук жок.