ЛИТАВРА
ЛИТАВРА (грекче poly - көп жана taurea - доол) - оролмо баштуу таякча менен уруп ойномо байыркы музыкалык аспап.

Туулга сыяктуу чоң тулкусунун түбү добуш күчөтүү үчүн оюлуп коюлатынча Европада XV кылымдан бери белгилүү. XVII кылымдан аспаптык оркестрдин курамында колдонулуп келе жатат. Литавра жез, латунь же алюминийден казан түспөлдүү жасалып, үстү жаргак тери менен капталат, кырындагы бурама аркылуу үндөштүрүлөт. Күңгүрөгөн жаңырык добуштуу. Оркестрде ар түрдүү үндөштүрүлгөн 2-5 же андан да көп литавра болот.
Педалдуу литавра.