ЛИТАВРА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛИТАВРА (грекче poly - көп жана taurea - доол) - оролмо баштуу таякча менен уруп ойномо байыркы музыкалык аспап.

Туулга сыяктуу чоң тулкусунун түбү добуш күчөтүү үчүн оюлуп кою­латынча Европада XV кылымдан бери белги­лүү. XVII кылымдан ас­паптык оркестр­дин курамында колдонулуп келе жатат. Литавра жез, ла­тунь же алюми­нийден казан түс­пөлдүү жасалып, үстү жаргак тери менен капталат, кырындагы бу­рама аркылуу үндөштүрүлөт. Күңгүрөгөн жаңы­рык добуштуу. Оркестрде ар түрдүү үндөштүрүлгөн 2-5 же андан да көп литавра болот.

Педалдуу литавра.