ЛИРА (музыкалык аспап)
ЛИРА (грекче lyra) - 1) байыркы гректердин 7-11 кылдуу чертме музыкалык аспабы; 2) орто кылымдагы жаалуу кыл аспап, тулкусу алмурут сымал; 3) XVI-XVII кылымдарда Италияда пайда болгон скрипка сымал жаалуу кыл аспап; 4) байыркы гректердин лирасына окшош гитара-лира. XVIII кылымда Францияда жасалган.

Батыш Европа менен Россияга XIX кылымдын 30-жылдарына чейин тараган; 5) чабандес аскер лирасы - металлофон; 6) чагарактуу лира - ал органиструм деген ат менен орто кылымда кеңири тараган. Европа элдеринде ар түрдүү ат менен колдонулуп келген. Россияга XVII кылымдан
маалым. XX кылымда сейрек кездешет. Украинада, Беларуссияда лиранын оркестрге ылайыкталган түрү сакталган. Өтмө маанидеги лира - поэзиянын (искусствонун) эмблемасы же символу.