ЛИРА (музыкалык аспап)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛИРА (грекче lyra) - 1) байыркы гректердин 7-11 кылдуу чертме музыкалык аспабы; 2) орто кылымдагы жаалуу кыл аспап, тулкусу алмурут сымал; 3) XVI-XVII кылымдарда Италияда пайда болгон скрипка сымал жаалуу кыл аспап; 4) байыркы гректер­дин лирасына окшош гитара-лира. XVIII кылымда Францияда жасалган.

Лиранын тарыхый түрлөрү: 1 - «күмүш лира». Бри­тан музейи. Лондон; 2 - лира-хелисте ойноп жаткан ырчы-акындын лекифтеги сүрөтү. Биздин заманга чейинки 470-460-жылдар. Көркөм музей. Бостон; 3 - бегэнна. Эфиопия.

Батыш Европа менен Россияга XIX кылымдын 30-жылдарына чейин тараган; 5) ча­бандес аскер лирасы - металлофон; 6) чагарактуу лира - ал органиструм деген ат менен орто кылымда кеңири тараган. Европа элдеринде ар түрдүү ат менен колдонулуп келген. Россияга XVII кылымдан

маа­лым. XX кылымда сейрек кездешет. Украинада, Бе­ларуссияда лиранын оркестрге ылайыкталган түрү сакталган. Өтмө маанидеги лира - поэзиянын (искусствонун) эмблемасы же символу.