ЛИТАВРА
ЛИТАВРА (грекче ро1у - көп жана Ъаигеа - доол) -

оролмо баштуу таякча менен уруп ойномо байыркы музыкалык аспап. Туулга сыяктуучоң тулкусунун түбү добуш күчөтүү үчүн оюлуп коюлатынча Европада 15- к-дан бери белгилүү. 17-к-дан аспаптык оркестрдин курамында колдонулуп келе жатат. Л. жез, латунь же алюминийден казан түспөлдүү жасалып, үстү жаргак тери менен капталат, кырындагы бурама аркылуу үндөштүрүлөт. Күңгүрөгөн жаңырык добуштуу. Оркестрде ар түрдүү үндөштүрүлгөн 2-5 же андан да көп Л. болот.
Педалдуу литавра.