ЛИРА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:09, 15 октябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛИРА (латынча Ьуга) - Түндүк жарым шардагы топ жылдыз. КМШнын аймагынан жазында, жа­йында жана күзүндө жакшы көрүнөт. Жайкы жана күзгү кечте асмандын Түндүк жарым шарында үч бурчтук түрүндө жайгашкан үч жарык жыл­дыз бөлүнүп турат. Алар: Лиранын Вегасы, Ак Куунун Денеби, Бүркүттүн Альтаири. Л. байыр­кы грек мифи Орфей менен тыгыз байланышкан.