ЛИЛЛЬ
ЛИЛЛЬ (фр. ЫПе, нидерландча Вцве1; экөө тен «арал» дегенди түшүндүрөт) - Франциянын түндүгүндөгү шаар. Нор-Па-де-Кале регионунун жана Нор департаментинин администрациялык борбору. Дёль д-нын боюнда (Шельданын алабы), Бельгиянын чек арасынан 11 км аралыкта жайгашкан. Калкы 260,8 миң (2010; шаар айланасы жана шаар спутниктери менен Чоң Лилль агломерациясын түзөт; калкы 1,2 миллион); калкынын саны боюнча Франциядагы (Париж, Лион, Марселден кийинки) 4-шаар. Ири жол тоому. Лондон менен жогорку ылдамдыктагы т. ж. аркылуу байланышат. Эл аралык аэропорту, метрополитен бар. Ири дарыя порту. Алгач 1054-ж. Фландрия графтарынын резиденциясы катары эскерилет. Байыркы эстеликтеринен капелла (13-к.), госпиталь саат мунарасы (13-к.), бастиону, салтанат капкасы бар 5 бурчтуу цитадель (1667-70), неоготика стилиндеги кафедралуу собор ж. б. сакталган. Пастер институту (1894), 340тан ашык ил,- из. лабор-лары, ири университет борбору жана университеттер федерациясы (анын ичинде гуманитария, адабият, искусство, католик, кампустар ж. б.), Жогорку мектеп борбору (1892), Жогорку соода (1872), Архитектура жана ландшафт улуттук жогорку мектеби ж. б., китепканалар, архив, музейлер, театрлар (анын ичинде опера) бар. Жыл сайын кыска фильмдердин (мартапрель), жаз жана рок музыкасы жана комикс фестивалдары өткөрүлүп турат. Көчө базарлары (12-к-дан иштейт; Европадагы эң ири; 10 миңден ашык сатуучусу, 3 млндон ашык кардарлары) бар.