ЛИЛЛЬ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛИЛЛЬ (фр. ЫПе, нидерландча Вцве1; экөө тен «арал» дегенди түшүндүрөт) - Франциянын түн­дүгүндөгү шаар. Нор-Па-де-Кале регионунун жана Нор департаментинин администрациялык борбору. Дёль д-нын боюнда (Шельданын алабы), Бельгиянын чек арасынан 11 км аралыкта жайгашкан. Кал­кы 260,8 миң (2010; шаар айланасы жана шаар спутниктери менен Чоң Лилль агломерациясын түзөт; калкы 1,2 миллион); калкынын саны боюнча Франциядагы (Париж, Лион, Марселден ки­йинки) 4-шаар. Ири жол тоому. Лондон менен жо­горку ылдамдыктагы т. ж. аркылуу байланы­шат. Эл аралык аэропорту, метрополитен бар. Ири дарыя порту. Алгач 1054-ж. Фландрия граф­тарынын резиденциясы катары эскерилет. Ба­йыркы эстеликтеринен капелла (13-к.), госпи­таль саат мунарасы (13-к.), бастиону, салтанат капкасы бар 5 бурчтуу цитадель (1667-70), нео­готика стилиндеги кафедралуу собор ж. б. сак­талган. Пастер институту (1894), 340тан ашык ил,- из. лабор-лары, ири университет борбору жана университеттер федерациясы (анын ичинде гуманитария, адабият, искусство, католик, кампустар ж. б.), Жогорку мектеп бор­бору (1892), Жогорку соода (1872), Архитектура жана ландшафт улуттук жогорку мектеби ж. б., ки­тепканалар, архив, музейлер, театрлар (анын ичинде опе­ра) бар. Жыл сайын кыска фильмдердин (март­апрель), жаз жана рок музыкасы жана комикс фестивалдары өткөрүлүп турат. Көчө базар­лары (12-к-дан иштейт; Европадагы эң ири; 10 миңден ашык сатуучусу, 3 млндон ашык кар­дарлары) бар.