ЛИВИЯЛЫКТАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:17, 15 октябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛИВИЯЛЫКТАР - 1) ливиялык арабдар, Ли­виянын негизги калкы. Жалпы саны 4, 7 миллион киши, анын ичинде Ливияда 4, 5 миллион, Египетте 140 миң (2009). Араб тилинде сүйлөшөт. Динге ишенген­дери - мусулман-сүннөттөр. Л-тар бул жерге 7- 11-к-да келген араб урууларынын жергиликтүү бербер­лер менен аралашуусунан келип чыккан. Деңиз жээгинде жашагандары дыйканчылык, түштүк жана борбордук аймактагылары (бедуиндер) көчмөн жана жарым көчмөн мал чарбачылыгы менен кесип­тенишет. Л-дын бир бөлүгү нефть ө. ж-нда иште­шет. Кол өнөрчүлүгү өнүккөн. Улуттук кийими - жалпы араб тибинде; 2) (байыркы египетче - либу) - Түндүк Африканын негизгикалкы; 3) Ли­виянын азыркы калкы.