ЛИВИЯЛЫКТАР
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЛИВИЯЛЫКТАР - 1) ливиялык арабдар, Ливиянын негизги калкы. Жалпы саны 4, 7 миллион киши, анын ичинде Ливияда 4, 5 миллион, Египетте 140 миң (2009). Араб тилинде сүйлөшөт. Динге ишенгендери - мусулман-сүннөттөр. Л-тар бул жерге 7- 11-к-да келген араб урууларынын жергиликтүү берберлер менен аралашуусунан келип чыккан. Деңиз жээгинде жашагандары дыйканчылык, түштүк жана борбордук аймактагылары (бедуиндер) көчмөн жана жарым көчмөн мал чарбачылыгы менен кесиптенишет. Л-дын бир бөлүгү нефть ө. ж-нда иштешет. Кол өнөрчүлүгү өнүккөн. Улуттук кийими - жалпы араб тибинде; 2) (байыркы египетче - либу) - Түндүк Африканын негизгикалкы; 3) Ливиянын азыркы калкы.