ЛИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:45, 15 октябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛИ (Ье1£11) Вивьен (өз аты-жөнү - Вивиан Мери X а р т л и, НагНеу) (5. 11. 1913, Дарджилинг, Индия - 8. 7. 1967, Лондон) - англ. актриса. 1934-жылдан фильмдерге тартылган. Л. «Анг­лиянын үстүндөгү от», «Касиеттүү Мартиндин көчөсү», «Оксфордцогу янкилер» фильмдеринде каармандын татаал психол. мүнөздөгү образда­рын, ички сезимдерин зор чеберчиликте ачып бере алган. «Шамалга айдалгандар» (1939, реж. В. Флеминг, АКШ, «Оскар» сыйл.) фильминде Скарлетт О’ Харанын ролун ар тараптуу жет­килең ойногон жана фильм Л-ге зор атак-даңк алып келген. 1940-жылдары кайталангыс рол­дорду жараткан: Майра (1940,«Ватерлоо көпү­рөсү», АКШ), Эмма (1941, «Леди Гамильтон»), Клеопатра (1946, «Цезарь жана Клеопатра»), Анна («Анна Каренина», 1948, реж. Ж. Дюви­вье) ж. б. 1950-60-жылдары «Стоун айымдын Римдеги жазы», «Акылсыздардын кайыгы» фильмдерине тартылган.

ЛИ Владимир Владимирович (1920, Россия, При­морье крайы, Хасан р-ну, Адиминск айылы - 1983, Бишкек) - зоотехник, биология илимдеринин доктору (1965), проф. (1965). Кыргыз ССРинин эмг. сиң. зоотехниги (1976), Кыргыз ССРинин илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйл. лау­реаты (1980). К. И. Скрябин атындагы КАЧИни бү­түргөн (1949). 1966-жылдан Кыргызстан мал чарба жана ветеринария ИИИде бөлүм башчысы, 1967- жылдан директордун орун басары. 1976-жыл­дан Кыргызстан мал чарба илимий-өндүрүш бирикмеси­нин генералдык директорунун орун басары бо­луп иштеген. Малдын жана канаттуулардын та­мак сиңирүүсү жана аларды тоюттандыруунун фи­зиологиясы, кыргыз уяң жүндүү коюнун айрым өзгөчөлүктөрүн изилдеген. 250дөн ашык илимий эм­геги, анын ичинде 3 монографиясы бар. «Ардак Белги­си» ордени менен сыйланган.

Эмг.: Производство баранины и шерсти на промыш­ленной основе. Ф., 1979.

ЛИ СофусМариус [17. 12. 1842, Норфьордейд - 18. 2. 1899, Кристиания (азыркы Осло)] - нор­вег математиги. Петербург ИАнын (1896) чет элдик мүчөсү, 1872-жылдан Кристиания, 1896- 98-ж. Лейпциг ун-ринде проф. Үзгүлтүксүз груп­палардын классикалык теориясын түзгөн. Анын алгачкы эмгектери таза геометриялык маселелерге арнал­ган (1871-72). 1872-ж. Л. дифференциалдык тең­демелер теориясына өлчөмдүү геометрия түшү­нүгүн жана анын ыкмаларын киргизген. Л. диф­ференциалдык теңдемелер теориясы, алгебра, геометрия негиздери, топология жана теориялык физи­канын андан ары өнүгүшүнө зор таасир тий­гизген. Л. (немис математиги Ф. Клейн менен бирге) геометриялык теорияны группалык өзгөртүүлөрдүн негизинде кайрадан иштеп чыккан (1849-1925).

Ад.: Полищук Е. М. Софус Ли. Л., 1983.