ЛИ
ЛИ (Ье1£11) Вивьен (өз аты-жөнү - Вивиан Мери X а р т л и, НагНеу) (5. 11. 1913, Дарджилинг, Индия - 8. 7. 1967, Лондон) - англ. актриса. 1934-жылдан фильмдерге тартылган. Л. «Англиянын үстүндөгү от», «Касиеттүү Мартиндин көчөсү», «Оксфордцогу янкилер» фильмдеринде каармандын татаал психол. мүнөздөгү образдарын, ички сезимдерин зор чеберчиликте ачып бере алган. «Шамалга айдалгандар» (1939, реж. В. Флеминг, АКШ, «Оскар» сыйл.) фильминде Скарлетт О’ Харанын ролун ар тараптуу жеткилең ойногон жана фильм Л-ге зор атак-даңк алып келген. 1940-жылдары кайталангыс ролдорду жараткан: Майра (1940,«Ватерлоо көпүрөсү», АКШ), Эмма (1941, «Леди Гамильтон»), Клеопатра (1946, «Цезарь жана Клеопатра»), Анна («Анна Каренина», 1948, реж. Ж. Дювивье) ж. б. 1950-60-жылдары «Стоун айымдын Римдеги жазы», «Акылсыздардын кайыгы» фильмдерине тартылган.
ЛИ Владимир Владимирович (1920, Россия, Приморье крайы, Хасан р-ну, Адиминск айылы - 1983, Бишкек) - зоотехник, биология илимдеринин доктору (1965), проф. (1965). Кыргыз ССРинин эмг. сиң. зоотехниги (1976), Кыргыз ССРинин илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйл. лауреаты (1980). К. И. Скрябин атындагы КАЧИни бүтүргөн (1949). 1966-жылдан Кыргызстан мал чарба жана ветеринария ИИИде бөлүм башчысы, 1967- жылдан директордун орун басары. 1976-жылдан Кыргызстан мал чарба илимий-өндүрүш бирикмесинин генералдык директорунун орун басары болуп иштеген. Малдын жана канаттуулардын тамак сиңирүүсү жана аларды тоюттандыруунун физиологиясы, кыргыз уяң жүндүү коюнун айрым өзгөчөлүктөрүн изилдеген. 250дөн ашык илимий эмгеги, анын ичинде 3 монографиясы бар. «Ардак Белгиси» ордени менен сыйланган.
Эмг.: Производство баранины и шерсти на промышленной основе. Ф., 1979.
ЛИ СофусМариус [17. 12. 1842, Норфьордейд - 18. 2. 1899, Кристиания (азыркы Осло)] - норвег математиги. Петербург ИАнын (1896) чет элдик мүчөсү, 1872-жылдан Кристиания, 1896- 98-ж. Лейпциг ун-ринде проф. Үзгүлтүксүз группалардын классикалык теориясын түзгөн. Анын алгачкы эмгектери таза геометриялык маселелерге арналган (1871-72). 1872-ж. Л. дифференциалдык теңдемелер теориясына өлчөмдүү геометрия түшүнүгүн жана анын ыкмаларын киргизген. Л. дифференциалдык теңдемелер теориясы, алгебра, геометрия негиздери, топология жана теориялык физиканын андан ары өнүгүшүнө зор таасир тийгизген. Л. (немис математиги Ф. Клейн менен бирге) геометриялык теорияны группалык өзгөртүүлөрдүн негизинде кайрадан иштеп чыккан (1849-1925).
Ад.: Полищук Е. М. Софус Ли. Л., 1983.