БИРИНЧИМАЙ 5

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:43, 18 Июнь (Кулжа) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИРИНЧИ МАЙ, С е к е л е к – Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы кыштак. Кара-Кулжа айыл өкмөтүнө караштуу. Райондун борбору Кара-Кулжа кыштагынан 6 км чыгыш тарапта. Кара-Суу темир жол бекетинен 87 км. Деӊиз деӊгээлинен 1520 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 6095 (2006); негизинен мал чарбасында жана тоют өсүмдүктөрүн даярдоодо эмгектенет. Үч орто мектеп, китепкана, ФАП, үй-бүлөлүк врачтар тобу, оорукана бар.