БИРИНЧИМАЙ 5
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
БИРИНЧИ МАЙ, С е к е л е к – Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы кыштак. Кара-Кулжа айыл өкмөтүнө караштуу. Райондун борбору Кара-Кулжа кыштагынан 6 км чыгыш тарапта. Кара-Суу темир жол бекетинен 87 км. Деӊиз деӊгээлинен 1520 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 6095 (2006); негизинен мал чарбасында жана тоют өсүмдүктөрүн даярдоодо эмгектенет. Үч орто мектеп, китепкана, ФАП, үй-бүлөлүк врачтар тобу, оорукана бар.