КОТА-БАРУ
КО́ТА-БА́РУ – Малайзиянын түндүк-чыгышындагы порт шаар. Келантан штатынын административдик борбору. Малакка жарым аралында, Келантан дарыясынын чатында жайгашкан. Калкы 568,9 миң (2022); чоңдугу ж-а калкынын саны боюнча Малайзиядагы 2- шаар. Тактай тилүүчү өнөр жайы иштейт. Кол өнөрчүлүк өнүккөн.