КОТА-БАРУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КО́ТА-БА́РУ – Малайзиянын түндүк-чыгышында­гы порт шаар. Келантан штатынын административдик борбо­ру. Малакка жарым аралында, Келантан дарыясынын чатын­да жайгашкан. Калкы 568,9 миң (2022); чоңду­гу ж-а калкынын саны боюнча Малайзиядагы 2- шаар. Тактай тилүүчү өнөр жайы иштейт. Кол өнөрчү­лүк өнүккөн.