КОРЕЙЛЕР
КОРЕЙЛЕР [өздөрүн Корей Республикасында хангук-сарам, Корей Элдик Демократия Республикасында (КЭДР) ч о с о н - с а р а м деп аташат) – эл, Корея Республикасынын (46,9 млн) ж-а КЭДРдин (23,7 млн) негизги калкы. Жалпы саны 78 млн киши, анын ичинде Кытайда 1,9 млн, Японияда 700 миң, АКШда 1,5 млн, Өзбекстанда 250 миң, РФте 148,6 миң, Казакстанда 99,7 миң, Кыргызстанда 19 миң, Тажикстанда 14 миң (2008). Корей тилинде сүйлөшөт. Чыгыш Азиядагы байыркы элдердин тукумдарынан. Корейлердин этностук негизин палеоазиат, протоалтай ж-а австронезия уруулары түзгөн. 10–

14-кылымдарда эл болуп калыптанган. Корейлер дыйканчылык, мал чарбачылык, жибекчилик ж-а балык кармоочулук м-н кесиптенип, дубалы жыгачтан салынып, ылай м-н шыбалган үйлөрдө жашашкан. Үйдүн ичи корей тибинде салынган ондоль (мештин мору полдун алдына салынгандыктан, жылуу полго укташат ) аркылуу жылыйт. Бул система көп кабаттуу үйлөрдө да колдонулат. Эркектери ак түстүү шым, көйнөк, улгайгандары кышкысын мех чыптама же узун халат (трумаги), аялдар узун жеңдүү, кыска чыптама (чогори), кенен тигилг ен ыштан ж-а юбка (чхима), ошондой эле европа стилинде кийимдерди кийип, кур курчанат. Тамак-ашы негизинен тузсуз, бууга бышкан күрүч, ачуу татымалдар, эт (чочко, кээде ит), балык, туздалган жашылчалар. Күрүчтөн жасалган аракты жылытып ичишет.