КОРЕЙЛЕР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОРЕЙЛЕР [өздөрүн Корей Республикасында хангук-са­рам, Корей Элдик Демократия Республикасында (КЭДР) ч о с о н - с а р а м деп аташат) – эл, Корея Респ­убликасынын (46,9 млн) ж-а КЭДРдин (23,7 млн) негизги калкы. Жалпы саны 78 млн киши, анын ичинде Кытай­да 1,9 млн, Японияда 700 миң, АКШда 1,5 млн, Өзбекстанда 250 миң, РФте 148,6 миң, Казак­станда 99,7 миң, Кыргызстанда 19 миң, Тажикстан­да 14 миң (2008). Корей тилинде сүйлөшөт. Чы­гыш Азиядагы байыркы элдердин тукумдары­нан. Корейлердин этностук негизин палеоазиат, про­тоалтай ж-а австронезия уруулары түзгөн. 10–

14-кылымдарда эл болуп калыптанган. Корейлер дыйканчы­лык, мал чарбачылык, жибекчилик ж-а балык кармоочулук м-н кесиптенип, дубалы жыгач­тан салынып, ылай м-н шыбалган үйлөрдө жа­шашкан. Үйдүн ичи корей тибинде салынган он­доль (мештин мору полдун алдына салынган­дыктан, жылуу полго укташат ) аркылуу жы­лыйт. Бул систе­ма көп кабаттуу үйлөрдө да колдо­нулат. Эркектери ак түстүү шым, көйнөк, улгайган­дары кышкысын мех чыптама же узун халат (тру­маги), аялдар узун жеңдүү, кыска чыптама (чогори), кенен тигилг ен ыштан ж-а юбка (чхима), ошондой эле европа стилинде кийимдерди ки­йип, кур курчанат. Тамак-ашы негизинен туз­суз, бууга бышкан күрүч, ачуу татымалдар, эт (чочко, кээде ит), балык, туздалган жашыл­чалар. Күрүчтөн жасалган аракты жылытып ичишет.