КОРДИЛЬЕРА ТООЛОРУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:29, 20 Май (Бугу) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОРДИЛЬЕ́РА ТООЛОРУ (исп. Cordilleras – тиз­мек) – Жер шарындагы эң узун тоо тармагы. Түндүк ж-а Түштүк Американын батыш четтери м-н 66° түндүк кеңдиктен (Аляскадан) 56° түштүк кеңдик­ке (Оттуу Жер аралына чейин) узата созулуп жатат. Узундугу 18 миң кмден ашык, туурасы Түндүк Америка­да 1600 кмге, Түштүк Америкада 900 кмге чейин. Канада, АКШ, Мексиканын, Борбордук Америкада­гы өлкөлөрдүн, Венесуэла, Колумбия, Эквадор, Перу, Боливия, Аргентинанын ж-а Чилинин ай­магында жайгашкан. Тынч

ж-а Атлантика оке­андарынын алаптарынын суу бөлгүчү, ошондой эле климаттык чек болуп саналат. Бийиктиги боюнча Ги­малайдан ж-а Борбордук Азиядагы тоо системала­рынан гана кийин турат. Эң бийик чокулары: Түндүк Америкада Мак-Кинли (6193 м), Түштүк Амер­када Аконкагуа (6960 м). Кордильеранын бүт системасы экиге бөлүнөт – Түндүк Америка Кордильерасы ж-а Түштүк Америка Кордильерасы же Анд тоо­лору. Тоо пайда болуу процесстери Түндүк Амери­када юра мезгилинде, Түштүк Америкада бор мез­гилинин аягында башталган ж-а башка мате­риктердеги тоо пайда болуу процесстери м-н тыгыз байланышта болгон (мисалы, Альп бүк­төлүүсүнө).