КОРДИЛЬЕРА ТООЛОРУ
КОРДИЛЬЕ́РА ТООЛОРУ (исп. Cordilleras – тизмек) – Жер шарындагы эң узун тоо тармагы. Түндүк ж-а Түштүк Американын батыш четтери м-н 66° түндүк кеңдиктен (Аляскадан) 56° түштүк кеңдикке (Оттуу Жер аралына чейин) узата созулуп жатат. Узундугу 18 миң кмден ашык, туурасы Түндүк Америкада 1600 кмге, Түштүк Америкада 900 кмге чейин. Канада, АКШ, Мексиканын, Борбордук Америкадагы өлкөлөрдүн, Венесуэла, Колумбия, Эквадор, Перу, Боливия, Аргентинанын ж-а Чилинин аймагында жайгашкан. Тынч
ж-а Атлантика океандарынын алаптарынын суу бөлгүчү, ошондой эле климаттык чек болуп саналат. Бийиктиги боюнча Гималайдан ж-а Борбордук Азиядагы тоо системаларынан гана кийин турат. Эң бийик чокулары: Түндүк Америкада Мак-Кинли (6193 м), Түштүк Амеркада Аконкагуа (6960 м). Кордильеранын бүт системасы экиге бөлүнөт – Түндүк Америка Кордильерасы ж-а Түштүк Америка Кордильерасы же Анд тоолору. Тоо пайда болуу процесстери Түндүк Америкада юра мезгилинде, Түштүк Америкада бор мезгилинин аягында башталган ж-а башка материктердеги тоо пайда болуу процесстери м-н тыгыз байланышта болгон (мисалы, Альп бүктөлүүсүнө).