КОРГОН ПОЛИМЕТАЛЛ КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:31, 20 Май (Бугу) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОРГОН ПОЛИМЕТА́ЛЛ КЕНИ Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда. Талас шаарынан 45 км түштүк тарапта, Талас Ала-Тоосунун түштүк капта­лында, Узун-Акмат суусунун башында, деңиз деңгээлинен 2400–2700 м бийикте жайгашкан. Кен жергиликтүү элге эзелтен белгилүү, анткени байыркы казма­лардын орду кезигет. Кендин геологиялык маалымат­тары 1936-жылы белгилүү болуп, 1954–55-жылдарда чал­гындалган. Айланасында (3–5 км аралыкта) геологиялык түзүлүшү бирдей Чат-Карагай, Кеншанык, Кең-Төр, Коргоншанык кендери жайгашкан. Анын аймагын кембрийге чейинки ж-а алгач­кы палеозойдогу жанартоо чөкмөлөрү, аларды жиреп чыккан кычкыл ж-а негиздүү интрузия­лар түзөт. Жанартоо чөкмөлөрү бүктөлүүгө учу­рап, түндүк-батышка багытталган антиклиналдык томпок түзүлүштү пайда кылат. Кенде 28 кен­таш тулкусу табылган. Алар антиклиналдын ийилген жерине топтолуп, узундугу 1360 м ири кен­таш аймагына айланган. Айрым кенташ тул­кусу бири-биринен 10–100 мге чейинки аралык­та жатат. Калыңдыгы 5–75 м, узундугу 6–200 м. Ку­рамы боюнча сфалериттүү пирротин, галениттүү пирротин-сфалерит, пирротиндүү галенит-сфале­рит, пирротин-арсенопирит, карбонат-полиме­талл сыяктуу 5 топко бөлүнөт. Кенташта корго­шун, цинк, калай, мышьяк, сурьма, висмут, ин­дий, галлий ж-а сейрек учуроочу элементтер бар. Гидротерм жолу м-н пайда болгон. Кен 1951–54-жылдарда «Свинецразведка» трестинин Коргон руд­ниги тарабынан жер астынан казып алынган. Кирешелүү болбогондон кийин токтотулган.