КОРГОН ПОЛИМЕТАЛЛ КЕНИ
КОРГОН ПОЛИМЕТА́ЛЛ КЕНИ Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда. Талас шаарынан 45 км түштүк тарапта, Талас Ала-Тоосунун түштүк капталында, Узун-Акмат суусунун башында, деңиз деңгээлинен 2400–2700 м бийикте жайгашкан. Кен жергиликтүү элге эзелтен белгилүү, анткени байыркы казмалардын орду кезигет. Кендин геологиялык маалыматтары 1936-жылы белгилүү болуп, 1954–55-жылдарда чалгындалган. Айланасында (3–5 км аралыкта) геологиялык түзүлүшү бирдей Чат-Карагай, Кеншанык, Кең-Төр, Коргоншанык кендери жайгашкан. Анын аймагын кембрийге чейинки ж-а алгачкы палеозойдогу жанартоо чөкмөлөрү, аларды жиреп чыккан кычкыл ж-а негиздүү интрузиялар түзөт. Жанартоо чөкмөлөрү бүктөлүүгө учурап, түндүк-батышка багытталган антиклиналдык томпок түзүлүштү пайда кылат. Кенде 28 кенташ тулкусу табылган. Алар антиклиналдын ийилген жерине топтолуп, узундугу 1360 м ири кенташ аймагына айланган. Айрым кенташ тулкусу бири-биринен 10–100 мге чейинки аралыкта жатат. Калыңдыгы 5–75 м, узундугу 6–200 м. Курамы боюнча сфалериттүү пирротин, галениттүү пирротин-сфалерит, пирротиндүү галенит-сфалерит, пирротин-арсенопирит, карбонат-полиметалл сыяктуу 5 топко бөлүнөт. Кенташта коргошун, цинк, калай, мышьяк, сурьма, висмут, индий, галлий ж-а сейрек учуроочу элементтер бар. Гидротерм жолу м-н пайда болгон. Кен 1951–54-жылдарда «Свинецразведка» трестинин Коргон рудниги тарабынан жер астынан казып алынган. Кирешелүү болбогондон кийин токтотулган.