КООМДУК КЕЛИШИМ ТЕОРИЯСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:58, 1 Апрель (Чын куран) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КООМДУК КЕЛИШИМ ТЕОРИЯСЫ – мамлекеттик бийлик адамдар ортосундагы келишим түзүүдөн улам пайда болгон философиялык ж-а юридикалык доктри­на. Коомдук келишим тууралуу алгач Эпикур ж-а анын окуусун улантуучу Лукреций Кар ай­тышкан. Коомдук келишим теориясынын (мамлекеттин пайда болу­шунун келишим теориясы) тарыхындагы жаңы мезгил Батыш Европадагы буржуазиялык мамилелердин өнүгүшү м-н байланыштуу, ал жаңы мезгилде абсолюттук феодалдык монархия м-н күрөштүн идея­лык негизи түзүлүп, феодалдык институттар ж-а идеология сынга алынган. Бийлик, мамлекет кудайдын амири м-н пайда болду деген теория­га карама-каршы коомдук келишим теориясы табигый укук доктри­насынын негизинде мамлекет эркин ж-а көз карандысыз индивиддердин макулдашуусу м-н пайда болуп, алардын укуктарын коргойт де­ген. Өзүнүн өнүгүшүндө бул теория ар кандай интерпретацияланган. Мисалы, Томас Гоббс мам­лекет пайда болгонго чейинки абалды «барды­гынын бардыгына каршы согуш абалы» ката­ры сүрөттөйт ж-а жалпы бийлик, мыйзам ж-а адилеттүүлүк жок табигый абалда ар бир адам бардыгына укугу бар, бул анын табигый укугу ж-а эркиндиги деп эсептейт. Мындай шартта адам акылы тынчтыкты көздөп, ар бир адам тынчтык м-н коопсуздуктун кызыкчылыгы үчүн табигый укуктарынан баш тартууга далалат кылат. Натыйжада адамдарды коркунучта кар­мап, алардын аракеттерин жалпы жыргалга багыттап турган мамлекет түзүү жөнүндө келишим түзүүгө аргасыз болушат. Бирок Гоббстун тео­риясы эркин ж-а көзөмөлсүз абсолюттук мамлекетти негиздөөгө жол берген. Жон Локктун теориясы Гоббстукуна караганда либералдык мүнөздө, адамдар м-н мамлекет ортосундагы келишим принципке шайкеш келиши керек ж-а ага ыла­йык эгемендүүлүктүн булагы катары эл деспо­тиялык бийликти коомдук келишимдин бузуу­чусу деп кулатууга укугу бар. Ошондой эле ар бир адам коомдук келишимге кошулуу ж-а мамле­кетке мүчө болуу же андан чыгып кетүү маселе­син эрезеге жеткенде өзү чечет. Коомдук келишим теориясы прогрес­сивдүү мааниге ээ болгонуна карабай, негизи­нен, буржуазия м-н буржуазиялык коомдун талабын жактаган. Мамлекеттин пайда болушу ж-а ма­ңызы тууралуу ил. окууну К. Маркс, Ф. Энгельс ж-а В. И. Ленин да жаратышкан, алардын пи­кири боюнча мамлекет коомдун белгилүү бир та­рыхый этабында таптардын түзүлүшү м-н пай­да болот. Коомдук келишим теориясын Улуу Британияда Ж. Лилберн ж-а Ж. Мильтон, Германияда И. Кант, И. Фих­те, Америкада Т. Пейн, Россияда А. Н. Радищев ж. б. уланткан.