КООМДУК КЕЛИШИМ ТЕОРИЯСЫ
КООМДУК КЕЛИШИМ ТЕОРИЯСЫ – мамлекеттик бийлик адамдар ортосундагы келишим түзүүдөн улам пайда болгон философиялык ж-а юридикалык доктрина. Коомдук келишим тууралуу алгач Эпикур ж-а анын окуусун улантуучу Лукреций Кар айтышкан. Коомдук келишим теориясынын (мамлекеттин пайда болушунун келишим теориясы) тарыхындагы жаңы мезгил Батыш Европадагы буржуазиялык мамилелердин өнүгүшү м-н байланыштуу, ал жаңы мезгилде абсолюттук феодалдык монархия м-н күрөштүн идеялык негизи түзүлүп, феодалдык институттар ж-а идеология сынга алынган. Бийлик, мамлекет кудайдын амири м-н пайда болду деген теорияга карама-каршы коомдук келишим теориясы табигый укук доктринасынын негизинде мамлекет эркин ж-а көз карандысыз индивиддердин макулдашуусу м-н пайда болуп, алардын укуктарын коргойт деген. Өзүнүн өнүгүшүндө бул теория ар кандай интерпретацияланган. Мисалы, Томас Гоббс мамлекет пайда болгонго чейинки абалды «бардыгынын бардыгына каршы согуш абалы» катары сүрөттөйт ж-а жалпы бийлик, мыйзам ж-а адилеттүүлүк жок табигый абалда ар бир адам бардыгына укугу бар, бул анын табигый укугу ж-а эркиндиги деп эсептейт. Мындай шартта адам акылы тынчтыкты көздөп, ар бир адам тынчтык м-н коопсуздуктун кызыкчылыгы үчүн табигый укуктарынан баш тартууга далалат кылат. Натыйжада адамдарды коркунучта кармап, алардын аракеттерин жалпы жыргалга багыттап турган мамлекет түзүү жөнүндө келишим түзүүгө аргасыз болушат. Бирок Гоббстун теориясы эркин ж-а көзөмөлсүз абсолюттук мамлекетти негиздөөгө жол берген. Жон Локктун теориясы Гоббстукуна караганда либералдык мүнөздө, адамдар м-н мамлекет ортосундагы келишим принципке шайкеш келиши керек ж-а ага ылайык эгемендүүлүктүн булагы катары эл деспотиялык бийликти коомдук келишимдин бузуучусу деп кулатууга укугу бар. Ошондой эле ар бир адам коомдук келишимге кошулуу ж-а мамлекетке мүчө болуу же андан чыгып кетүү маселесин эрезеге жеткенде өзү чечет. Коомдук келишим теориясы прогрессивдүү мааниге ээ болгонуна карабай, негизинен, буржуазия м-н буржуазиялык коомдун талабын жактаган. Мамлекеттин пайда болушу ж-а маңызы тууралуу ил. окууну К. Маркс, Ф. Энгельс ж-а В. И. Ленин да жаратышкан, алардын пикири боюнча мамлекет коомдун белгилүү бир тарыхый этабында таптардын түзүлүшү м-н пайда болот. Коомдук келишим теориясын Улуу Британияда Ж. Лилберн ж-а Ж. Мильтон, Германияда И. Кант, И. Фихте, Америкада Т. Пейн, Россияда А. Н. Радищев ж. б. уланткан.