КОНЦЕРН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:35, 31 Март (Жалган куран) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОНЦЕ́РН (англ. concern – катышуу, кызыгуу) – өнөр жайындагы көп тармактуу корпорациянын экономикалык жактан үстөмдүк кылуучу азыркы фор­масы. Концерн алгач Германияда биринчи дүйнөлүк согуштан кийин пайда болуп, анан Батыштын башка өлкөлөрүнө тараган. Концерндин негизинде конкреттүү корпорациянын капиталынын анын ишмердигинин негизги чөйрөсү м-н байланышпаган тармактарга киришин билдирүүчү өндүрүш­тү диверсификациялоо жатат. Концерн ондогон ж-а жүздөгөн ишканаларды, илимий-изилдөө мекемелерин, окуу борборлорун, сыноо полигондорун ж-а көп тармактуу экономикалык комплекстин ишмердигин кам­сыз кылуучу көп бөлүктөрдү бириктирет. Концерн ишмердигинин маанилүү өзгөчөлүгү, бир жагынан, ички финансылык катуу көзөмөл, экинчи жагынан, ишканалардын, бөлүмдөрдүн, филиалдардын кеңири чарбалык өз алдынчалыгы ж-а продукциянын негизги топтору же райондор боюнча башкарууну борбордон ажыратуу болуп са­налат. Концерн натыйжалуу иштеш үчүн илимий-техникалык жетишкендиктерди кеңири пайдалануу, өндүрүштү системалуу түрдө жаңыртуу, концерн ичинде өндүрүштү диверсификациялоо, майда ж-а орто, айрыкча инновациялык ишканалар м-н тыгыз өндүрүштүк байланышта болуу ж. б. иштер жүргүзүлүүгө тийиш.