КОНЦЕРН
КОНЦЕ́РН (англ. concern – катышуу, кызыгуу) – өнөр жайындагы көп тармактуу корпорациянын экономикалык жактан үстөмдүк кылуучу азыркы формасы. Концерн алгач Германияда биринчи дүйнөлүк согуштан кийин пайда болуп, анан Батыштын башка өлкөлөрүнө тараган. Концерндин негизинде конкреттүү корпорациянын капиталынын анын ишмердигинин негизги чөйрөсү м-н байланышпаган тармактарга киришин билдирүүчү өндүрүштү диверсификациялоо жатат. Концерн ондогон ж-а жүздөгөн ишканаларды, илимий-изилдөө мекемелерин, окуу борборлорун, сыноо полигондорун ж-а көп тармактуу экономикалык комплекстин ишмердигин камсыз кылуучу көп бөлүктөрдү бириктирет. Концерн ишмердигинин маанилүү өзгөчөлүгү, бир жагынан, ички финансылык катуу көзөмөл, экинчи жагынан, ишканалардын, бөлүмдөрдүн, филиалдардын кеңири чарбалык өз алдынчалыгы ж-а продукциянын негизги топтору же райондор боюнча башкарууну борбордон ажыратуу болуп саналат. Концерн натыйжалуу иштеш үчүн илимий-техникалык жетишкендиктерди кеңири пайдалануу, өндүрүштү системалуу түрдө жаңыртуу, концерн ичинде өндүрүштү диверсификациялоо, майда ж-а орто, айрыкча инновациялык ишканалар м-н тыгыз өндүрүштүк байланышта болуу ж. б. иштер жүргүзүлүүгө тийиш.