КОНТРИБУЦИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:05, 30 Март (Жалган куран) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОНТРИБУ́ЦИЯ (лат. contributio) – 1) жеңилген мамлекетке жеңген мамлекеттин пайдасы үчүн салынуучу төлөмдөр; 2) басып алынган аймактын калкынан баскынчылар мажбурлап чогултуп алган акчалай жыйымдар. Контрибуциянын бул 2 түрү талоончулуктан пайда болгон, анын алгачкы формасы согуш олжосун ээлеп алуу эле, бул кул ээлөөчүлүк ж-а феодалдык мезгилдеги согуштарга таандык. 18-кылымдын аягынан контрибуция тынчтык келишимдин шарты болуп калды. Айрым учурда согуш чыгымына элдин согуш зыяны, согуш рек­визициясы да кошулуп эсептелген. 2-дүйнөлүк согуш тажрыйбасын эсепке алып, 1949-жылы Женева конференциясы контрибуцияга тыюу салган.