КОНТРИБУЦИЯ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КОНТРИБУ́ЦИЯ (лат. contributio) – 1) жеңилген мамлекетке жеңген мамлекеттин пайдасы үчүн салынуучу төлөмдөр; 2) басып алынган аймактын калкынан баскынчылар мажбурлап чогултуп алган акчалай жыйымдар. Контрибуциянын бул 2 түрү талоончулуктан пайда болгон, анын алгачкы формасы согуш олжосун ээлеп алуу эле, бул кул ээлөөчүлүк ж-а феодалдык мезгилдеги согуштарга таандык. 18-кылымдын аягынан контрибуция тынчтык келишимдин шарты болуп калды. Айрым учурда согуш чыгымына элдин согуш зыяны, согуш реквизициясы да кошулуп эсептелген. 2-дүйнөлүк согуш тажрыйбасын эсепке алып, 1949-жылы Женева конференциясы контрибуцияга тыюу салган.