КОНСТАНТИНОВКА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:40, 30 Март (Жалган куран) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОНСТАНТИ́НОВКА – Чүй облусунун Аламүдүн районундагы кыштак. Ленин атындагы айыл округуна караштуу. Ат-Башы каналынын боюнда, деңиз деңгээлинен 620 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору ж-а темир жол бекети Лебединовка кыштагынан 21 км түндүк-батыш тарапта. Кыштак 1944-жылы негизделген. Калкы 1801 (2022); негизинен мал м-н алектенет. Орто мектеп, китепкана, ФАП бар.