КОНСТАНТИНОВКА
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КОНСТАНТИ́НОВКА – Чүй облусунун Аламүдүн районундагы кыштак. Ленин атындагы айыл округуна караштуу. Ат-Башы каналынын боюнда, деңиз деңгээлинен 620 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору ж-а темир жол бекети Лебединовка кыштагынан 21 км түндүк-батыш тарапта. Кыштак 1944-жылы негизделген. Калкы 1801 (2022); негизинен мал м-н алектенет. Орто мектеп, китепкана, ФАП бар.