КОЛХИДА ОЙДУҢУ
КОЛХИ́ДА ОЙДУҢУ , Р и о н и о й д у ң у Грузиянын батышында. Кара деңиз жээгин (Сухуми ж-а Кобулети шаарларынын аралыгын), Риони ж-а Ингури дарыяларынын төмөнкү агымдарын ээлейт. Батыштан чыгышка 100 км аралыкка созулат. Үстү тегиз, деңизди көздөй жантайыңкы аллювий түздүгү. Бийиктиги 150 мге чейин (чыгышында). Минералдуу суу булактары чыгат (Цхолтубо). Климаты нымдуу субтропиктик; кышы жумшак, жайы ысык; январдын орточо температурасы 4,5–6°С, августтуку 23–24°С. Жаан-чачын жыл мезгили боюнча бир калыпта мол (жылдык орточо өлчөмү 1400–1900 мм) жаайт. Палеостоми көлү бар. Ыраң-дүйүм чөптүү ж-а камыштуу саздак ландшафт басымдуу. Саздак жерлери кургатылууда. Реликт болуп эсептелген каңдагач (ольха) бадалдары өсөт. Көтөрүңкү жерлерин жазы жалбырактуу (лианалуу) ж-а дайыма жашыл бадалдуу токой ээлейт. Субтропик өсүмдүктөрү (цитрус, чай, тунг ж. б.) өстүрүлөт. Колхида коругу бар. Аймагында 1987-жылы алаамат суу каптоо болгон.
Ад.: Колхидская низменность: природные условия и социально-экономические аспекты / Под. ред. Г. Г. Сванидзе. Л., 1989.