КОЛХИДА ОЙДУҢУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОЛХИ́ДА ОЙДУҢУ , Р и о н и о й д у ң у Грузиянын батышында. Кара деңиз жээгин (Су­хуми ж-а Кобулети шаарларынын аралыгын), Риони ж-а Ингури дарыяларынын төмөнкү агымдарын ээлейт. Батыштан чыгышка 100 км аралыкка созулат. Үстү тегиз, деңизди көздөй жантайыңкы аллю­вий түздүгү. Бийиктиги 150 мге чейин (чыгышын­да). Минералдуу суу булактары чыгат (Цхолту­бо). Климаты нымдуу субтропиктик; кышы жумшак, жайы ысык; январдын орточо температурасы 4,5–6°С, августтуку 23–24°С. Жаан-чачын жыл мезгили боюнча бир калыпта мол (жылдык орточо өлчөмү 1400–1900 мм) жаайт. Палеостоми көлү бар. Ыраң-дүйүм чөптүү ж-а камыштуу саздак ландшафт басымдуу. Саздак жерлери кургаты­лууда. Реликт болуп эсептелген каңдагач (оль­ха) бадалдары өсөт. Көтөрүңкү жерлерин жазы жалбырактуу (лианалуу) ж-а дайыма жашыл бадалдуу токой ээлейт. Субтропик өсүмдүктөрү (цитрус, чай, тунг ж. б.) өстүрүлөт. Колхида ко­ругу бар. Аймагында 1987-жылы алаамат суу кап­тоо болгон.

Ад.: Колхидская низменность: природные ус­ловия и социально-экономические аспекты / Под. ред. Г. Г. Сванидзе. Л., 1989.