ИНФРАСТРУКТУРА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:25, 1 Июль (Теке) 2026 карата Бекбосунова Бермет (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИНФРАСТРУКТУ́РА (лат. infra – төмөн‚ астын­да жана structura – курулма‚ жайгашуу) термин 20-кылымдын 40-жылдарынын аягында экономикалык адабиятта өнөр жай жана айыл чарба өндүрүшүн (жол‚ канал‚ порт‚ көпүрө‚ аэродром‚ кампаларды куруу‚ энер­гетика чарбасы‚ темир жол транспорту‚ байланыш‚ суу менен жабдуу жана канализация‚ жалпы жана кесиптик билим берүү‚ илимге‚ саламаттык сак­тоого чыгымдар ж. б.) тейлөөчү экономика тар­мактарын белгилөө үчүн пайда болгон. Инфраструктура түр­лөрү: 1) түздөн-түз материалдык өндүрүштү (транс­порттун бардык түрү‚ байланыш‚ электр линия­сы‚ суу менен камсыз кылуу ж. б.) тейлөөчү тар­макты камтыган өндүрүштүк инфраструктура; 2) социалдык инфраструктура, соода‚ турак жай коммуналдык чарбасы‚ са­ламаттык сактоо жана билим берүү тармагы‚ тур­муш-тиричилик жактан тейлөө ишканалары ж. б. материалдык эмес өндүрүш тармактары ки­рет; 3) рынок механизминин иштөөсүн камсыз кылуучу материалдык‚ технологиялык ж. б. мүнөздөгү субъектилерди камтуучу рыноктук инфраструктура; 4) комп­лекстерди аймактык тейлөөчү жана алардын ры­нок коньюнктурасынын өзгөрүшүнө, ыңгай­лашуусуна өбөлгө болуучу товардык‚ сырьёлук‚ эмгектик‚ финансылык инвестициялык‚ маалы­маттык ресурстарды ички эркин жана аймак ара­лык которуштурууну камсыз кылуучу‚ уюшту­руу-экономикалык системаны камтыган аймактык инфраструктура.


Ад.: Кузнецова А. И. Инфраструктура. Геоэкономи­ческий подход. М., 2007.