ИНФРАСТРУКТУРА
ИНФРАСТРУКТУ́РА (лат. infra – төмөн‚ астында жана structura – курулма‚ жайгашуу) термин 20-кылымдын 40-жылдарынын аягында экономикалык адабиятта өнөр жай жана айыл чарба өндүрүшүн (жол‚ канал‚ порт‚ көпүрө‚ аэродром‚ кампаларды куруу‚ энергетика чарбасы‚ темир жол транспорту‚ байланыш‚ суу менен жабдуу жана канализация‚ жалпы жана кесиптик билим берүү‚ илимге‚ саламаттык сактоого чыгымдар ж. б.) тейлөөчү экономика тармактарын белгилөө үчүн пайда болгон. Инфраструктура түрлөрү: 1) түздөн-түз материалдык өндүрүштү (транспорттун бардык түрү‚ байланыш‚ электр линиясы‚ суу менен камсыз кылуу ж. б.) тейлөөчү тармакты камтыган өндүрүштүк инфраструктура; 2) социалдык инфраструктура, соода‚ турак жай коммуналдык чарбасы‚ саламаттык сактоо жана билим берүү тармагы‚ турмуш-тиричилик жактан тейлөө ишканалары ж. б. материалдык эмес өндүрүш тармактары кирет; 3) рынок механизминин иштөөсүн камсыз кылуучу материалдык‚ технологиялык ж. б. мүнөздөгү субъектилерди камтуучу рыноктук инфраструктура; 4) комплекстерди аймактык тейлөөчү жана алардын рынок коньюнктурасынын өзгөрүшүнө, ыңгайлашуусуна өбөлгө болуучу товардык‚ сырьёлук‚ эмгектик‚ финансылык инвестициялык‚ маалыматтык ресурстарды ички эркин жана аймак аралык которуштурууну камсыз кылуучу‚ уюштуруу-экономикалык системаны камтыган аймактык инфраструктура.
Ад.: Кузнецова А. И. Инфраструктура. Геоэкономический подход. М., 2007.