БЛАГОВЕЩЕНСК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:50, 13 Май (Бугу) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЛАГОВЕ́ЩЕНСК – Россия Федерациясындагы шаар (1858-жылдан). Амур облусунун административдик борбору. Амур дарыясына Зея дарыясы куйган жердеги порт. Темир жол бекети. Калкы 239,8 миӊ (2024). Машина куруу (тоо кен жана алтын өнөр жайы үчүн жабдуу, кеме куруу ж. б. заводдор, электр приборлор өндүрүшү), жыгаччылык, жеӊил, тамак-аш өнөр жайы, 4 ЖОЖ, 2 театр, край таануу музейи бар. 1856-жылы Усть-Зейский аскер порту катары негизделген.