БЛАГОВЕЩЕНСК
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
БЛАГОВЕ́ЩЕНСК – Россия Федерациясындагы шаар (1858-жылдан). Амур облусунун административдик борбору. Амур дарыясына Зея дарыясы куйган жердеги порт. Темир жол бекети. Калкы 239,8 миӊ (2024). Машина куруу (тоо кен жана алтын өнөр жайы үчүн жабдуу, кеме куруу ж. б. заводдор, электр приборлор өндүрүшү), жыгаччылык, жеӊил, тамак-аш өнөр жайы, 4 ЖОЖ, 2 театр, край таануу музейи бар. 1856-жылы Усть-Зейский аскер порту катары негизделген.