«ВЯТКА» АЙЫЛ ЧАРБА ШЕРИКТЕШТИГИ
«ВЯ́ТКА» АЙЫЛ ЧАРБА ШЕРИКТЕШТИГИ – Түндүк Кыргызстандагы алгачкы жамааттык айыл чарба бирикмелеринин бири. 1919-ж. 20-мартта багбандар менен жүзүм өстүрүүчүлөрдүн союзу катары Пишпек уездиндеги Молдаван кыштагында уюшулган. 1922-жылы «Ветка» айыл чарба коммунасы болуп кайра түзүлгөн. 1924-жылы январда коммунарлар өз чарбасын В. И. Лениндин ысмы менен аташкан. Коммунадагы эмгек шарты, турмуш-тиричилик, маданияты коңшу айыл-кыштактардын тургундарына чоң таасир тийгизген. Аларга малдын тукумун асылдандыруу, мөмө-жемиш бактарынын жана жүзүмдүн түшүмдүү сортторун өстүрүү жагынан өрнөк көрсөткөн. Коммуна 1930-жылы колхоз болгон, 1951-жылы бир нече колхоздор биригип, ирилешкен чарбага айланган. 1992-жылга чейин Ленин атындагы колхоз, 1992-жылдан «Ветка» айыл чарба кооперативи деп аталган.