«ВЯТКА» АЙЫЛ ЧАРБА ШЕРИКТЕШТИГИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«ВЯ́ТКА» АЙЫЛ ЧАРБА ШЕРИКТЕШТИГИ – Түндүк Кыргызстандагы алгачкы жамааттык айыл чарба би­рикмелеринин бири. 1919-ж. 20-мартта багбан­дар менен жүзүм өстүрүүчүлөрдүн союзу катары Пишпек уездиндеги Молдаван кыштагында уюшул­ган. 1922-жылы «Ветка» айыл чарба коммунасы болуп кайра түзүлгөн. 1924-жылы январда коммунарлар өз чарбасын В. И. Лениндин ысмы менен аташ­кан. Коммунадагы эмгек шарты, турмуш-тири­чилик, маданияты коңшу айыл-кыштактардын тур­гундарына чоң таасир тийгизген. Аларга мал­дын тукумун асылдандыруу, мөмө-жемиш бак­тарынын жана жүзүмдүн түшүмдүү сортторун өстүрүү жагынан өрнөк көрсөткөн. Коммуна 1930-жылы колхоз болгон, 1951-жылы бир нече колхоз­дор биригип, ирилешкен чарбага айланган. 1992-жылга чейин Ленин атындагы колхоз, 1992-жылдан «Ветка» айыл чарба кооперативи деп аталган.