ОПТИКАЛЫК ЧОҢОИТУУ
ОПТИКАЛЫК ЧОҢОЙТУУ - оптикалык системалардын жардамы менен алынган сүрөттөлүштүн өлчөмүнүн нерсенин чыныгы өлчөмүнө болгон катышы. 0. ч. сызыктуу, бурчтук, узунунан, туурасынан болуп айырмаланат. Сызыктуу чоңойтуу Р=у'/у түрүндө аныкталат. Мында у'- нерсенин сүрөттөлүшүнүн сызыктуу өлчөмү, у - нерсенин өзүнүн узундугу, Р>0 болсо оң, Р<0 болсо тескери сүрөт алынат. р=-//х формуласы боюнча оптика системасынын О. ч-су эсептеп чыгарылат. Нерсенин сүрөттөлүшү көрүнгөн бурчтун тангенсинин нерсенин өзү көрүнгөн бурчтун тангенсине болгон катышы бурчтук чоңойтууну берет: у=1§и'/1§и. Узунунан чоңойтуу сүрөттөлүш мейкиндигинде оптика системасынын огун бойлото алынган Дх' кесиндисинин нерселер мейкиндигиндеги ага ылайык Дх кесиндисине болгон катышы: а= &х'/х.