ОПТИКАЛЫК ЧОҢОИТУУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ОПТИКАЛЫК ЧОҢОЙТУУ - оптикалык систе­малардын жардамы менен алынган сүрөттөлүштүн өлчөмүнүн нерсенин чыныгы өлчөмүнө болгон катышы. 0. ч. сызыктуу, бурчтук, узунунан, туурасынан болуп айырмаланат. Сызыктуу чо­ңойтуу Р=у'/у түрүндө аныкталат. Мында у'- нерсенин сүрөттөлүшүнүн сызыктуу өлчөмү, у - нерсенин өзүнүн узундугу, Р>0 болсо оң, Р<0 бол­со тескери сүрөт алынат. р=-//х формуласы боюнча оптика системасынын О. ч-су эсептеп чы­гарылат. Нерсенин сүрөттөлүшү көрүнгөн бурч­тун тангенсинин нерсенин өзү көрүнгөн бурчтун тангенсине болгон катышы бурчтук чоңойтуу­ну берет: у=1§и'/1§и. Узунунан чоңойтуу сүрөт­төлүш мейкиндигинде оптика системасынын огун бойлото алынган Дх' кесиндисинин нерсе­лер мейкиндигиндеги ага ылайык Дх кесинди­сине болгон катышы: а= &х'/х.