ОПТИКАЛЫК РЕЛЁ
ОПТИКАЛЫК РЕЛЁ, фото реле - оптикалык чоңдуктардын (жарык, жарык агымы, жарык термелүүсүнүн жыштыгы) өзгөрүшүнун таасиринен иштөөчү реле. О. р. оптикалык чоңдуктардын билдиргичинен (датчиктен; мисалы, фотодиод, вакуумдук же газ толтурулган фотоэлемент, фотокөбөйткүч) жана электр реледен турат. О. р. автоматтык жөнгө салуу системасында, башкаруучу же көзөмөлдөөчү түзүлүштөрдө колдонулат.