ОПТИКАЛЫК РЕЛЁ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ОПТИКАЛЫК РЕЛЁ, фото реле - оптика­лык чоңдуктардын (жарык, жарык агымы, жарык термелүүсүнүн жыштыгы) өзгөрүшүнун таасиринен иштөөчү реле. О. р. оптикалык чоң­дуктардын билдиргичинен (датчиктен; мисалы, фотодиод, вакуумдук же газ толтурулган фото­элемент, фотокөбөйткүч) жана электр реледен турат. О. р. автоматтык жөнгө салуу система­сында, башкаруучу же көзөмөлдөөчү түзүлүш­төрдө колдонулат.