ОЛЬГА ИНКАРВИЛЛЕЯСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:29, 26 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ОЛЬГА ИНКАРВИЛЛЕЯСЫ (ХпсагуШеа о1£ае Ке&е1) - өсүмдүктөрдүн бигнолиялар тукумун­дагы түрү. Өтө сейрек кездешүүчү, жоголуп кетүү коркунучундагы көп жылдык өсүмдүк. Бийиктиги 1 лгге жетет. Жалбырагы канаттай тилкелүү, чоку жалбырагы бүтүн кырдуу. Гүлү күлгүн кызыл, кээде ак, жыш эмес шыпыргыдай топ гүлгө чогулган. Желекчелери ири, узундугу 4 смге жетет. Июнь-июлда гүлдөп, август-сентябрда урук байлайт. Уругу менен көбөйөт. 0. и. Тажик­станда (Батыш-Памир, Памир-Алай тоолорун­да), Кыргызстанда Алай тоо кыркасынын 700-3500 м бийиктеги түндүк беттеринде, Сох жана Шахимар­дан сууларынын бойлорундагы кумдуу, таштак жана боз топурактуу жерлерде өсөт. Кооз гүлү үчүн көп жулунуп, саны азайган. КРдин Кызыл ки­тебине киргизилген.