ОЛЬГА ИНКАРВИЛЛЕЯСЫ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ОЛЬГА ИНКАРВИЛЛЕЯСЫ (ХпсагуШеа о1£ае Ке&е1) - өсүмдүктөрдүн бигнолиялар тукумундагы түрү. Өтө сейрек кездешүүчү, жоголуп кетүү коркунучундагы көп жылдык өсүмдүк. Бийиктиги 1 лгге жетет. Жалбырагы канаттай тилкелүү, чоку жалбырагы бүтүн кырдуу. Гүлү күлгүн кызыл, кээде ак, жыш эмес шыпыргыдай топ гүлгө чогулган. Желекчелери ири, узундугу 4 смге жетет. Июнь-июлда гүлдөп, август-сентябрда урук байлайт. Уругу менен көбөйөт. 0. и. Тажикстанда (Батыш-Памир, Памир-Алай тоолорунда), Кыргызстанда Алай тоо кыркасынын 700-3500 м бийиктеги түндүк беттеринде, Сох жана Шахимардан сууларынын бойлорундагы кумдуу, таштак жана боз топурактуу жерлерде өсөт. Кооз гүлү үчүн көп жулунуп, саны азайган. КРдин Кызыл китебине киргизилген.