ОКТЯБРЬ, Панфилов р-ну
ОКТЯБРЬ, Комсомол - Чүй облусунун Панфилов р-нундагы кыштак. Чалдыбар айыл аймагына караштуу. Деңиз деңгээлинен 674 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору жана т. ж. бекети. Кайыңды шаарынан 27 км түндүк-батыш тарапта. Кыштак 1934-жылы негизделген. Калкы 1168 (2007); негизинен мал багат. Орто мектеп, китепкана, ФАП, клуб, бала бакча бар. Айылдык ден соолук комитети иштейт.