ОКТЯБРЬ, Панфи­лов р-ну

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ОКТЯБРЬ, Комсомол - Чүй облусунун Панфи­лов р-нундагы кыштак. Чалдыбар айыл айма­гына караштуу. Деңиз деңгээлинен 674 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору жана т. ж. беке­ти. Кайыңды шаарынан 27 км түндүк-батыш тарапта. Кыштак 1934-жылы негизделген. Калкы 1168 (2007); негизинен мал багат. Орто мектеп, китепкана, ФАП, клуб, бала бакча бар. Айылдык ден соо­лук комитети иштейт.