НУКЛЕОПРОТЕИДДЕР
НУКЛЕОПРОТЕИДДЕР (латынча пис1еи3 - ядро) - белоктор менен нуклеин кислоталарынан турган татаал комплекстуү заттар. Алардын молекулалык салмагы бир нече миңден миллионго чейин болот. Н. клетка ядросунун курамына кирип, белоктордун биосинтезинде генетикалык информацияны сактоодо жана берүүдө чоң мааниге ээ. Нуклеин кислотасынын түрүнө жараша рибонуклеопротеиддер жана дезоксирибонуклеопротеиддер болуп бөлүнөт. Н. - оору козгогуч эң майда вирустардын курамынын негизги компоненти.